Максат
Дистанттык билим берүү илимий жана колдонуу борборунун максаты – университетибизде интернетти колдонуу менен билим берүү жана окутуу иш-чараларын натыйжалуу ишке ашыруу, ошондой эле тиешелүү илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүү.
Ошону менен бирге, Дистанттык билим берүүнүн илимий-практикалык борборунун негизги максаттары болуп мекемелерге жана уюмдарга дистанттык билим берүү чөйрөсүндөгү муктаждыктарын жана талаптарын канааттандырууга көмөк көрсөтүү, орто кесиптик, бакалавр, магистратура жана чоңдор үчүн электрондук окутуунун негизинде курстарды жана программаларды иштеп чыгуу, ошондой эле электрондук окутууну колдонуу менен университетте окутулуп жаткан аспирантура, бакалавр жана магистратура курстарын колдоо болуп саналат.
Мындан тышкары, Дистанттык билим берүүнү изилдөө жана колдонуу борбору университетте электрондук окутуу аркылуу бериле турган сертификациялык программаларды ачуу, ишке ашыруу жана координациялоо, мамлекеттик жана жеке менчик мекемелердин билим берүү программаларын электрондук окутууга ыңгайлаштыруу жана аралыктан билим берүү системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, билимдерди тиешелүү мекемелерге жана уюмдарга берүү жана бул темалар боюнча материалдарды жарыялоо менен алектенет.