Тилден бошотуу жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынагы тууралуу кулактандыруусу

Чет тилдер жогорку мектебинин

Тил үйрөтүү бөлүмү башчылыгынын

Тилден бошотуу жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынагы тууралуу кулактандыруусу

Сынакты баалоо ыкмалары;

a) Оозеки сынак (эӊ көп): 50 упай

Тил үйрөтүү бөлүмү тарабынан белгиленген күнү Кыргызстан убактысы боюнча 10.00–14.00 сааттар аралыгында сынак комиссиясы даярдаган темалар боюнча Google Meet программасы аркылуу (жаздырылган) оозеки сынак;

б) Дилбаян сынагы (эӊ көп): 50 упай

Тил үйрөтүү бөлүмү тарабынан белгиленген күнү сынак комиссиясы даярдаган үч дилбаян темасынан бирөө (1) студент тарабынан тандалып, ошол эле күнү Кыргызстан убактысы боюнча саат 15:00дөн 16:30га чейин жазылып, окутуучусунун электрондук почтасына же болбосо Whatsapp аркылуу жиберилген жазуу түрүндөгү дилбаян сынагы;

 

2020-2021-окуу жылынын Тилден бошотуу (англис тили) жана Тил деӊгээлин аныктоо (орус тили / кыргыз тили) сынактарынын өткөрүлө турган күндөрү жана убакыттары төмөндөгүдөй:

(Сынактар Кыргызстан убактысы боюнча өткөрүлөт.)

29.08.2020 09:27
Кулактандыруу
Виза сынагы 2021-жылдын 20-ноябрында онлайн түрүндө өткөрүлөт...
16.11.2021 13:38
ДАЯРДОО КУРСУНУН ЛЕКЦИЯЛАРЫ 2020-ЖЫЛДЫН 14-СЕНТЯБРЫНДА АРАЛЫКТАН ОКУТУУ ЖОЛУ МЕНЕН БАШТАЛАТ.
29.08.2020 10:13