Дистанттык билим берүү борбору

Дистанттык билим берүү борбору Кыргызстан-Түрк «Манас» университетинин алдында 2013-жылы түзүлгөн. Борбордун максаты - дистанттык билим берүү аркылуу факультеттер арасында өтүлүүчү жалпы курстарды окутуу. 2013-2017-жылдардагы жалпы курстардын курстук материалдары университеттин аралыктан билим берүү борборунун веб-сайтында жайгаштырылган. Ал эми сынактар кагаз жүзүндө жүргүзүлүп келинген.  2020-жылдын 16-мартынан тарта факультеттер арасы окутулган орток сабактар  онлайн өтүлө баштады. Атүгүл сынактары (виза, финал) да онлайн жүргүзүлүп келүүдө. Борбор тарабынан окутулган орток сабактар төмөндөгүлөр:

1. Экология

2. Кыргызстан географиясы

3. Ата мекен тарыхы-II (Түркия Республикасынын тарыхы)

4. Ата Мекен тарыхы-I (Кыргызстан тарыхы)

5. Заманбап табигый илимдердин концепциялары

6. Дүйнөлүк жана түрк цивилизациялары

7. Манас таануу

8. Философия

9. Дене тарбия жана спорт

Дистанттык билим берүү борбору 2020-жылдан тарта бүтүрүүчүлөрдөн алынган тарых боюнча мамлекеттик экзамендерди да уюштуруп келет.

Борбор маалымат технологиялар башкармалыгынан Азизбек Усубалиев жана Жумагүл Нуракун кызы менен,  Студенттик иштер башкармалыгынан Гүнхан Кайхан, Муратбек Сардарбеков жана Мээрим Уйчубек кызы менен биргеликте иш алып барат.